Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуТоң району 10.08.2019 12:50

Айыл турмушу: Элик алган бүркүт, чоң атанын жолун жолдогон мүнүшкөр (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургуну Ишенбек Кыдыров дээрлик 40 жылдан бери мүнүшкөрлүк өнөрдү аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кезинде анын чоң атасы Адыбай Ысык-Көл өрөөнүнө таанымал атактуу мүнүшкөр болгон.

«Бул өнөр муундан муунга өтүп келе жатат. Чоң атам таптаган алгыр куштар мыкты чыкчу экен. Атамдын таптаган бүркүтү элик алып, атагы алыска чыгыптыр. Анын бүркүттү мыкты таптап, алгырлыгын арттырып, тоютун өз маалында берип келгенин замандаштары айтып калчу эле. Чоң атам бир күнү райондо өткөн тойго барып, бүркүтү Усупкожо аттуу кишинин коюн алып, элди таң калтырган экен.

Мен дагы жашоомду бүркүтү жок элестете албайм. Күндө жорго минип, бүркүт таптоо кыргыз баласы үчүн сыймык деп эсептейм. Короомдо мыкты бир жорго, анан бүркүт конуп турса өзүмдү жакшы сезем. Бүркүт таптаганыма 40 жыл болду. Бала кезде эле куш, бүркүткө аябай кызыгып, кантип багуу керектигин үйрөнгөм. 40 жыл ичинде 4 бүркүт бактым, булар колдо тапталса 60 жыл жашайт. Карыганда канаттары карарып, өңү бир өңчөй кара болуп калат. Бүркүттүн жашын анын куйругунан айырмаласа болот», - дейт ал.

Ошондой эле мүнүшкөр өзүнүн таптаган бүркүттөрү тууралуу айтып берди.

«Азыр 5 жаштагы Тума аттуу ургаачы бүркүтүм бар. Ал абдан акылдуу, мени алыстан тааныйт. Эмнени көрсө ошону жакшы алат. Туманы алгач салып жатканда досторума: «карышкыр белек кыласыңар» деп айткам. Бирок алар тирүү карышкырды кармай албай, чөө, түлкү коё беришкен. Тума азыр бул жандыктарды мыкты алат. Учурда бул бүркүткө кызыккандар көп болууда. Бүркүт алгырлыгы менен куштардан айырмаланат, ал 2 чакырым алысты даана көрөт. Азыр Туманын салмагы 5 килограммды түзөт. Жумасына бир жолу жылкынын этин берем. Тума жандыкты кармаган кезде мен команда бермейинче аны жебейт.

Бүркүттүн 12 түрү болот, булар абдан акылдуу келип, жашоого умтулганы дагы өзгөчө. Ургаачы бүркүт өзүнө түгөй тандоодо асмандан бир талды бир нече ирет таштайт. Ким аны алып келүүгө үлгүрсө ошол эркек бүркүт менен бийик зоолорго учат», - дейт мүнүшкөр Ишенбек Кадыров.

Ал Туманы дагы бир нече ирет аң уулоого чыгарып, кийин кези келгенде бийик тоого коё берерин жана бүркүтү менен тойлорго, мааракелерге катышып, чоң атасынын жолун жолдоп келе жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×