Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуНарын району 07.08.2019 18:57 На русском

Солтон-Сарыдагы абал: Жашоочулардан түзүлгөн атайын делегация Бишкекке бармай болду

Turmush -  Нарын районунун Кара-Чий айылындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгинде чогулган жергиликтүү тургундар президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Алардын айтымында, аталган компанияга Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди иштетүүгө мыйзамсыз жол менен уруксат берилген. Ошондуктан аталган компаниянын лицензиясын жараксыз деп таанып, жокко чыгарыш керек экенин билдиришти.

Ошондой эле Нарын облусундагы жергиликтүү тургундар тарабынан уруксат берилбеген башка алтын кендерди иштетип жаткан компаниялардын ишмердүүлүгүн дагы токтотуу керек экенин белгилешти жана кайрылууда Нарын облусунда алтын иштетүүгө мораторий жарыяланышын талап кылышты.

Уюштуруучулар каттын жообун атайын делегация менен Бишкек шаарына барып угуп келишерин билдиришти.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң талаптар угулуп, кытайлык компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, жол жабуу аракеттери болгон жок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Чогулган элдин айтымында, алар коюлган талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болушат.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын районунун тургундары бүгүн, 7-августта Кара-Чий айылынын Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда боз үйлөрдү тигишкенин жазган.

Жолдун боюна 8 боз үй тигилген.

Кечээ, 6-августта Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылып чогулган эл премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин суранышкан жана өкмөт башчы келбесе жол тосула турганы айтылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуу боюнча жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн жазган. Бирок эки тарап бир пикирге келе алышкан эмес.

Кечээ, 6-августта Солтон-Сары алтын кенине чогулган жергиликтүү тургундар менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушкан. Анын алкагында тургундар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining)» компаниясынын ишин токтотуу жана лицензиясын кайра кайтаруу талаптарын коюшкан. Вице-премьер-министр К.Боронов алардын талаптары мыйзам чегинде караларын жана кытайлык компаниянын иши убактылуу токтотуларын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар компаниянын алтын кендеги ишин биротоло токтотуп, техникалык жабдыктарды алып кетүүнү талап кылышкан. Ошондой эле маселени жеринде чечүү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин суранышкан.

Аймактык кабарчы кечээ, 6-августта Солтон-Сарыга баргандардын болжолдуу саны 800гө жеткенин билдирген. Алардын арасында Ысык-Көл облусунан дагы баргандар бар.

Буга чейин Turmush басылмасы Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышканын жазган.

Окуя тууралуу:

2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Жонг Жи Майнинг» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

04.08.2019Солтон-Сары кениндеги кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты
05.08.2019Сүрөт, видео — Нарында жергиликтүү тургундар Солтон-Сары кенине чогулушту
05.08.2019Cүрөт: Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышты
06.08.2019Солтон-Сарыдагы чыр-чатактан жабыркагандар ооруканага жеткирилген
06.08.2019Солтон-Сарыдагы жаңжал: Ооруканада жаткан достор чыр кантип башталганын айтып беришти. Видео
07.08.2019Солтон-Сарыдагы абал: Чогулган эл өкмөт башчынын келишин суранышты (сүрөт)
07.08.2019Солтон-Сарыдагы абал: Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолуна боз үйлөр тигилди. Видео
07.08.2019Солтон-Сарыдагы жаңжал: Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда абал кандай? Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×