Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Нарын облусуАт-Башы району 12.08.2019 09:10 На русском

Ат-Башыдагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жаңы жетекчи келди

Нургүл Каипова
Нургүл Каипова

Turmush -  Ат-Башы райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жаңы жетекчи келди.

Маалым болгондой, аталган борбордун жетекчилигине кара тумоого каршы бөлүмдүн дарыгер-эпидемиологу Нургүл Каипова дайындалган.

Нургүл Каипова 1981-жылы Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Мектепти аяктап, 1998-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медико-профилактикалык иш факультетине кабыл алынган. Аны 2004-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, 2004-2006-жылдары эмгек медицинасы боюнча клиникалык ординатураны окуган.

Эмгек жолу 2004-жылы Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгер-лаборант катары башталып, 2006-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гигиена жана эпидемиология кафедрасында мугалим болуп иштеген. 2009-жылдан 2015-жылга чейин райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда дарыгер-эпидемиолог, 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кара тумоого каршы бөлүмүндө дарыгер-эпидемиолог болуп эмгектенип келди.

Үй-бүлөлүү, 2 кызы, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×