Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуАлай району 12.08.2019 12:35

Алайда иске ууланган окуучулардын жаңы мектеби: Курулуш иштери кайра жанданды

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айылында 225 орундуу С.Ашимов атындагы орто мектебинин курулушу жанданды. Бул тууралуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибап Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталып, ага мамлекеттик бюджеттен 3 млн сом гана бөлүнүп, курулуш иштери токтоп калган.

«Мектептин тендердик баасы 46 млн сом. Быйыл 5 млн сом бөлүнүп, спорт залдын дубалы тургузулду, учурда курулуш иштери уланууда», - деди А.Исмаилов.

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы окуучулар малчыларга салынган эски үйдө окууга аргасыз болуп жатышканын жазган.

«Мектептин жоктугунан балдар малчыларга салынган үйдө билим алышат. Аталган мектеп 1990-жылы 3 класстык, 2000-жылы 4 класстык болуп ашар жолу менен курулган. Санитардык жактан дагы талапка жооп бербейт. Ичи көмүр менен жылыйт. Кышкысын кыйынчылык көп болот. 2015-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Сметалык баасы 45 млн сом. Бирок 3 млн сом каралган бойдон дагы каражат бөлүнгөн эмес», - деген мектеп директору Аскар Адапбаев 2017-жылы.

Ошондой эле ушул жылдын январь айында аталган эски мектепте окуган 4-класстын 18 окуучусу жана мугалим ушул көмүр исине ууланышкан. Алар 29-январь күнү Ош облустар аралык балдар ооруканасына кайрылышкан.

Андан тышкары жаңы окуу жылына карата Алай районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүндөгү 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилгени жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Матанов билдирди.

«Согонду айылындагы бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда. Тендердик баасы 17 млн сомду түзөт. Учурда бала бакчанын курулушу толугу менен аяктап, эмеректерин гана алуу калды. Мындан сырткары октябрь айында Күң-Элек айылындагы 325 орунду С.Карыев атындагы орто мектебин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Анын сметалык баасы 37 млн сом, кошумча 4 млн сом берилди. Жалпы 41 млн сомго бүтө турган болду», - деди Н. Матанов.

Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов райондо дагы бир канча социалдык объектилердин курулушу уланып жатканын айтты.

«Жошолу, Сары-Могол айылдарында 2 спорт зал, Жаңы-Алай айылында мектептин курулушу жүрүп жатат», - деди ал.

Алай району боюнча жалпы 54 мектеп бар. Алардын ичинен бирөө жеке менчик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×