Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 12.08.2019 13:53 На русском

«Тезирээк төрөт, айылда жумуш калып калды»: Г.Полотова 10 балалуу эненин окуясын унутпайт

Гүлбара Полотова
Гүлбара Полотова

Turmush -  40 жылдан бери медицина тармагында эмгектенген Гүлбара Полотова (68 жашта) Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. «2017-жылдын мыкты дарыгери», «Саламаттыкты сактоонун отличниги», «Ардактуу умай эне» төш белгилеринин ээси райондук оорукананын гинекология бөлүмүнүн башчысы.

Ал 1951-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында төрөлгөн. Анын жашоосу, медицина тармагындагы эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Ак халатчан айымдын айтымында, балалык, окуучулук күндөрү кичи мекенинде өткөн. Айылдагы №5 орто мектептин орус классынан билим алган. Андан соң Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүргөн. 1976-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетин аяктап, 1977-жылдан бери Москва райондук ооруканасында эмгектенип келет.

«Кадимки айылдык кыздардай эле мектептен билим алып, бош убакытта кой кайтарып, уй саап, чөп оруп, камыр жууруп, нан бышырып эле жетилдим. Орус улутундагы балдар-кыздар менен чоңойдук. Алардын ата-энелери кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын жакшы билишчү. Досторум кыргызча, биз орусча сүйлөөгө кызыкчубуз. Бир жердин тургуну, бир мектептин окуучусу катары мамилебиз бүгүнкү күндө да жакшы. Азыр да жолугушуп, сүйлөшө калып жүрөбүз.

Мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайынан кесип алууну баштадым. Анда Бишкек шаарында окуу биз үчүн өзүнчө эле бийиктик эле. Колунда барлар гана балдарын окутчу. Жол, жатакана жана башка маселелери татаал эле. Студенттик күндөрүм китеп менен өттү. Кайда жүрсөм да кара баштыгыма адабий, медициналык китептерди салып алып, бош убакыт болсо эле барактайм. Ошентип, медициналык окуу жайын артыкчылык диплом менен аяктадым. Бирок жогорку билимге ээ болуу менин балалык мезгилден берки үмүтүм эле. Дипломду колго алып, Бишкекке келдим. Документтеримди тапшырган соң, эмнегедир коркуу сезимим пайда болду. «Окууга өтпөй калсам эмне болот? Артыкчылык диплом билим деңгээлимдин чыныгы жүзү боло алабы? Ата-энемдин, курбуларымдын жүзүн кантип карайм?» деген суроолор кыйнай берди. Мага белгилүү болгондой артыкчылык диплому барлар бир эле сынак тапшырат дешкен. Ошол туура экен. Химиядан «5» деген баага тапшырдым. Ошентип, бир эле сынак тапшырып, медакадемиянын студенти болгом. Ал 1970-жыл эле», - деди Гүбара Полотова.

Дарыгер алгач райондук оорукананын төрөт үйүндө эмгектенген. Андагы жооптуу милдетти жүрөгү менен кабылдап, аялдардын түйшүгүн көз алдынан өткөрөт.

«Анда жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүргөм. Жумушка эрте барып, кеч кайтам. Сыртынан баары эле жөнөкөй көрүнгөнү менен төрөт үйүндө иштөө өтө татаал эле. Күндөрдүн биринде Темен-Суу айылынан 45 жаштардагы аял ооруканага келди. Ал буга чейин 9 бала төрөптүр. Онунчу баласын шартка жараша тез арада төрөтүү зарыл эле. Бул милдет мага жүктөлдү. Чындыгында корктум. Анын үстүнө ичи да өтө чоң эле. Медицинада эненин ичиндеги баланын салмагы 4 килограммдан жогору болсо бир топ кыйын. Ал эми тиги аял мени «тезирээк төрөтпөйсүңбү. Тиги жакта балдарым, үй-жайым калды. Төрөйүн да эртерээк кетейин. Айылда азыр айыл чарба жумушунун сезону» дегенсип тикчийип карайт. Айлам кете баштады. Медайымдарды да жаныма топтоп алгам. Ошондогу аялдын кыйналганын көрүп бир чети боорум ооруса, бир чети кесибимди таштап, тынчыраак жайда иштегим келген. Ошол аял 4 кг 200 грамм салмактагы бала төрөгөн. Билимим болгону менен тажрыйбам жок эле. Анын үстүнө ал мезгилде элеттик аялдар өз мезгилинде медициналык кароодон өтүү, туура тамактануу, эс алуу жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди көрүшчү эмес. Качан гана толгоо келгенде төрөт үйүнө чуркашып, бардык милдет дарыгерлерге жүктөлгөн. Азыркыдай жаңы технологиялар анда жок эле.

Ошентип, 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келем. Кезегинде төрөт үйүнүн башчысы да болуп эмгектендим. Учурда гинекология бөлүмүн жетектейм. Республикада мыкты кызматкерлердин ишмердүүлүгүн чагылдырган 2 китепке сүрөтүм менен чыктым», - деди саламаттыкты сактоонун мыктысы.

Г. Полотова: «Нарындык жигит Асанбек Токтомушевге турмушка чыктым. Ал да 1970-1976-жылдары Медакадемиядан билим алган. Учурда медицина илимдеринин доктору, профессор. 80ден ашык илимий эмгектерди жазган. Ар түрдүү жанрдагы 8 китептин автору.

2 кыз, 1 уулубуз бар. Уулум Айбек экономист. Ал эми кыздарым — Айжан менеджер, Алтынай дарыгер. 4 неберелүү болдук. Жумуштан барганда аларды эркелетип, чарчоом жазыла түшөт. Бирге иштеген дарыгер Элиза Отунчиева, улуу медайым Аида Райымбачаева жана медайымдар — Фатима Сагынова, Бактыгүл Кылычева, Елена Конушбаева, Тазагүл Орозбаевага дарыгерлик кесиптин сырларын айтып келем. Өзгөчө өз тажрыйбамды айтам», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×