Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 12.08.2019 16:57 На русском

Конокко келген Рахим сууга агып бараткан 9 жаштагы баланы куткарып калды

Turmush -  Ош шаарында каналга агып бара жаткан 9 жаштагы баланы конокко келген Рахим Курбанов куткарып калды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Амир-Темир шаардык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык өкүлү Бахрам Абдуллаев билдирди.

Бүгүн, 12-август күнү саат 13:00 чамасында Амир-Темир аймактык кеңешинде каналдагы сууга түшүп жаткан балдар жогору жактан агып келе жаткан баланы көрүшүп, адамдарды жардамга чакырышкан. Амир-Темир аймактык кеңешине конокко келген 32 жаштагы Рахим Курбанов алардын кыйкырганын угуп, дароо сууга секирген. Ал баланы суунун жээгине алып чыгып, алгачкы жардам көрсөттү.

Милициянын маалыматына караганда, сууга агып бара жаткан баланын колдору көтөрүлүп, катып калган. Болжол менен ал сууга чөгө баштаганда эле эс-учун жоготуп койгон. Р.Курбанов балага алгачкы жардам көрсөткөндөн кийин гана дем ала баштаган. Сууга аккан бала 2010-жылы туулган Абдумалик экендиги аныкталды. Аны Р.Курбанов өзүнүн автоунаасы менен Ош шаардык тез жардам бөлүмүнө жеткирген. Тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен.

Учурда баланын абалы туруктуу. Ал Ош облустар аралык балдар ооруканасында дарыланууда. Бала каналга бутун салып отуруп, тайып кеткени белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, канал чоң болгондуктан сүзгөндү билбеген адамды суу агызып кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×