Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуЧоң-Алай району 12.08.2019 18:18 На русском

Чоң-Алайдын мөңгүсүнөн бутун сындырып алган россиялык аялды Ошко алып кетишти

Turmush -  Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн түшүп келе жатып бутун сындырып алган россиялык аялды куткаруучулар Ош шаарына алып кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

7-август күнү Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнө Россия Федерациясынан келген туристтер эс алганы барышкан. Алар кайра мөңгүдөн түшүп келе жатышканда 1988-жылы туулган аял киши бутун сындырып алып, куткаруучулардан жардам сурап кайрылган. 11-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7 куткаруучусу Карамык заставасынан Түндүк-Кымыздык мөңгүсүн көздөй чыгып кетишип, бүгүн, 12-августка караган түнү саат 01:00дө жабыркаган аялды Дароот-Коргон айылына алып келишкен. Бүгүн саат 10:00 чамасында кайра Ош шаарын көздөй жолго чыгышты.

Turmush басылмасы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн келе жатканда жаракат алган Россиянын жаранына жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кеткенин жазган.

Маалыматка караганда, ал жакка Россиядан келген 6 турист эс алганы барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×