Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.08.2019 10:20 Жаңыланды: 13.08.2019 14:06

Сүрөт — Кыргызстан 81 жаштагы япониялык сүрөтчүнүн көзү менен

Turmush -  Ысык-Көл облусуна Хай Ман Го аттуу япониялык сүрөтчү келди.

Сүрөтчү Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 81 жашта. Япониянын Токио шаарынын жанындагы кичинекей кыштакта жашайт. Сүрөтчү жер кыдырып, дүйнөнүн кооз жерлерин, ар улуттун каада-салттарын чагылдырат. Буга чейин ал дүйнөнүн 15 өлкөсүндө болгон.

Бир катар өлкөлөрдү кыдырып, ал жактан тарткан сүрөттөрүн Нью-Йорк жана Сан-Франциско шаарындагы эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүп, сыйлыктарга арзыган.

«Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Каада-салттарга жана кыргыз элинин меймандостугуна таң бердим. Тоң, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда болуп келдим. Азыркы учурда кооз жерлердин сүрөттөрүн чогултуп жатам. Мага каада-салттар тууралуу дагы айтып беришти. Алар абдан кызыктуу экен», - деди сүрөтчү.

Ал бул убакка чейин Кыргызстан өлкөсү бар экенин билбегенин айтты.

«Бул убакытка чейин кыргыздар жөнүндө маалыматым жок эле, эми келип ушундай кооз аймакта жайгашкан уникалдуу баалуулуктары арбын эл экенин билдим. Эң башкысы элдин меймандостугу таң калтырды. Мен көп өлкөдө болдум, Кыргызстанга жашым өткөндө келип калганыма өкүнөм. Эгер жаш кезимде келсем кыргыз эли жөнүндө ири сүрөт жыйнагын дүйнөгө таанытат элем. Азыр деле топтогон сүрөттөрдү Нью-Йорк шаарындагы көргөзмөгө коюп, атайын сынак уюштурганы жатам», - дейт ал.

Хай Мон Го кийинки жылы дагы Кыргызстанга келерин айтып, кыргыз тилин үйрөнүп жана Кыргызстандын кооздугун дүйнөгө таанытам деген үмүттө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×