Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.08.2019 11:38

Ысык-Көлдө тоо боорундагы өрттүн чокторун 90 киши өчүрүп жатат. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айыл аймагындагы тоо боорунда чыккан өрттүн калдыктарын 90 киши өчүрүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрт 9-август күнү кечке маал Орто-Байсоорун тоосунан чыгып, 11-август күнү чектөөгө алынган. Бүгүн, 13-августта өрт коопсуздугун сактоо үчүн өрттүн калдыктары жана чоктор казылып, ӨКМдин 30 кызматкери, жергиликтүү 30 тургун жана токой чарбасынан 30 кызматкер иштеп жатат.

«Карагайлар көп жыл өсөт. Алардын түптөрүндө өрт кайра тутанып кетпеши үчүн тегерегин казып, кум сээп, чокторду өчүрүп жатабыз», - дешти өрт өчүрүүчүлөр.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 9-августта Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын Орто-Байсоорун тоосунан чыккан өрттү өчүрүүгө 161 адам тартылганы кабарланган.

ӨКМдин облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, тоо боорунан түтүн чыгып жатканын жергиликтүү тургундар өрт өчүрүү кызматына маалымдашкан.

«Бизге маалымат түшкөн соң райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Тоо айылдан алыс болуп, унаа жете алган эмес. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, токой чарбасынын кызматкерлери тартылган. Өрт талаадагы куураган чөптө тутанып, анан карагайларга жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр айылга унаа менен жетип, андан ары жөө барышып, кол менен өчүрүп жатышат. Өрт 10-августта кечке маал курчоого алынып, жалындаган өрт өчүрүлдү. Учурда түтөп жаткан жерлер толугу менен өчүрүлүп жатат. Бүгүн өрттү өчүрүүгө ӨКМден 71 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, Ысык-Көл облустук токой чарбасынан 70 адам, жалпы 161 адам тартылган», - деп билдиришкен ӨКМдин облустук бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×