Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 13.08.2019 12:10

Москванын Темен-Суу айылындагы сарайдан өрт чыгып, кошунанын жыйган чөбү кошо өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Москва районунун Темен-Суу айылындагы короодон өрт чыгып, кошунанын сарайы кошо өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдын Пушкин көчөсүндөгү үйгө караштуу бастырманын 50 чарчы метр чатыры жана 1500 түк чөп өрттөнгөн. Кырсыктан улам кошуна үйгө караштуу 35 чарчы метр бастырманын чатыры жана 800 түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×