Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 13.08.2019 16:20

Баткендин Чоң-Талаа айылында таза суу түтүгүн үйлөрүнө жашырын алып кирип алгандар аныкталды

Turmush -  Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылында таза суу түтүгүн үйлөрүнө жашырын алып кирип алган 40тан ашык адам аныкталды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Туратбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин көчөдөгү суу түтүктөрдө суу чыкпай калып, жергиликтүү тургундар сууну түтүктөрдүн чуңкурунан алып калышкан. Анткени сууну айрым үйлөрдүн ээлери жашырын тартып алышкан. Акимчиликтин өкүлдөрү текшерүү жүргүзүп, үйлөргө тартылган суу түтүктөрдү жабышты. Мындан ары көчөлөрдө суу чыгып баштайт. Бул боюнча акимчилик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт. Элдин таза сууга көңүл кош мамилесинен улам «Таза суу» муниципалдык ишканасы быйыл электр энергиясына 75 миң сом карыз болуп калган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×