Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 13.08.2019 16:52 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун 2 жактоочусу сот отурумуна келген жок

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун соту 21-августка жылдырылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 13-августта өтө турган сот отурумуна Мелис Калыковдун 2 жактоочусу тең келген эмес. Ошондуктан отурум жылдырылган.

Буга чейин Мелис Калыков адилеттүү сот отурумун талап кылып, убактылуу кармоочу жайдан чыкпай, 6-августта өтө турган отурумга келбей койгон. Буга байланыштуу отурум бүгүн, 13-августка жылдырылган

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

09.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
10.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков сурак учурунда ур-токмокко алынганбы?
24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
05.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
07.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×