Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.08.2019 17:55

Кара-Көлдө Россияда эмгектенген мекендештердин жолугушуусу өттү. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-августта Кара-Көл шаарында Россияда эмгектенген жердештердин жолугушуусу болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара «Энергетик» маданият үйүндө өтүп, ага шаар мэри И.Еркеев, Жалал-Абад облусунун мурунку башчысы К.Масиров, Россиядагы «Кара-Көл» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Ж.Масирова, жетекчилери Уларбек Турсунбаев, Алмазбек Шатманов, ошондой эле Кара-Көлдүн Пыть-Ях, Ханты-Мансийск, Сахалин, Санкт-Петербург, Якутия, Тюмень, Ямал жана Москвадан келген 200дөн ашык уул-кыздары катышты.

Мэр И.Еркеев аталган коомдук бирикменин жасаган иштерине токтолуп: «Чет жерде иштеп жүргөн мекендештер бир топ иштерди жасап жатат. Алсак, алар мамлекеттин экономикалык өсүшүнө чоң салым кошууда. Россияда эмгектенип жүрүп каза тапкан тургундардын сөөгүн мекенине жөнөтүүдө, кара-көлдүктөрдү ишке орноштурууда, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүүдө, онкологиялык жана башка оорулар менен жабыркаган жарандарга жардам берүүдө көмөк көрсөтүп жатышат. Балдар аянтчаларын, ФАПтарды куруп, үйү жокторго турак үй салып, таза суу чыгарып берүүдө», - деди.

Коомдук бирикменин негиздөөчүсү Жамиля Масирова бирикме 2016-жылдын 8-августунда түзүлгөнүн айтты.

«Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынан башка жерлерде туулуп өскөн, учурда Россияда иштеп жүргөн атуулдардын коомдук бирикмелери бар экен. Мындан улам Россиядагы кара-көлдүктөрдүн коомдук бирикмесин түздүк. Андан бери 3 жыл өттү. Эми бул бирикмени мындан ары А.Шатманов жана У.Турсунбаев жетектейт. Алар учурда социалдык тармактар аркылуу Россиянын аймагындагы кара-көлдүктөрдүн тобун түзүп, жакшы иштерди жасап жатышат. Учурда коомдук бирикменин 400дөй мүчөсү бар. Биз аталган фонддун төрагалыгына Ямал облусунда диаспоранын жетекчиси А.Шатмановду, ал эми жардамчысы кылып У.Турсунбаевди шайладык. Уларбек Тюмень облусунда эмгектенет», - деди Ж.Масирова.

Ал эми А.Шатманов бирикменин жасаган иштерине токтолду.

«Россиянын булуң-бурчундагы кара-көлдүк мекендештер социалдык тармактар аркылуу байланышып, бир катар иштерди аткарып келе жатабыз. Ушул үч жыл ичинде тилекке каршы Кара-Көлгө 4 жарандын сөөгүн жөнөттүк. Ошондой кара-көлдүк эки бөбөктүн операциясына акча каражатын жөнөтүп жаттык. Алардын абалы азыр жакшы. Жакында эле шаар тургунуна Екатеринбургда операция жасалды, анын абалы туруктуу.

Мындан сырткары шаардагы мечиттин курулушуна салым коштук. Дагы бир мекендешибиз Индияга операцияга кетти, ага жардам бердик. Анын абалы жакшы, операция ийгиликтүү өтүптүр.

Учурда Москва шаарында футбол боюнча жогорку лига өтүп жатат. Анда Россиядагы кара-көлдүк мекендештерден куралган футболчулар биринчилик үчүн ат салышууда», - деди ал.

Ал эми Уларбек Турсунбаев Россиядагы кара-көлдүктөрдү өз убагында жумуш менен камсыздоого, убактылуу каттоого турууга жардам беришерин кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында Россиядагы жердештердин ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн шаардык мэриянын ардак грамотасы менен «Кара-Көл» коомдук бирикмесинин мүчөсү А.Аденов, У.Турсунбаев, Ж.Масирова, Б.Суранбаев, Р.Чукунов, С.Абыкадыров, С.Туралиев, А.Мырзакматов, А.Шатманов, К.Мамжанов сыйланды. Ал эми мэриянын ыраазычылык каты менен К.Аземова, Н.Орозов, Б.Мырзакулова, Н.Эсекеев, К.Шүкүралиев сыйланды.

Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Чоң-Таш айылында жасалган иштерге кошкон салымы үчүн айыл башчы А.Кошалиев шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды. Мындан тышкары, А.Исмаилов, Ж.Масирова, С.Одоевге дагы шаардык кеңештин ардак грамотасы тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×