Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусуАраван району 14.08.2019 17:45 На русском

Элдик уламыш: Күн киргенде байыркы жоокерлер пайда болуп, аларды көргөн жаш балдар каза болгон

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Мугалим Акрам Камбаров 1980-жылдары Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы окуучуларды Араван районуна караштуу Керкидан айылына пахта теримге алып барган. Ал айыл аксакалдарынан уккан таң калычтуу окуяны айматык кабарчыга айтып берди.

Акрам Камбаров орус тили сабагынан мугалим, бирок тарыхка кызыгып, жер-суунун аталыштарын, уламыштарды изилдеп келет. Ал Кичи-Алайдан Араван районунун Керкидан айылына барып отурукташып калган чөгөмдүк аксакалдардын баяны тууралуу айтып берди.

«Окуучуларды пахта теримге алып барып, жар боюна чатырларды тигип жайгашып калдык. Ал жерде бийиктиги 4 метр болгон сепилдин бир бөлүгү (байыркы шаардын калдыгы), андан 20 метр ары жакта дагы ошондой сепилдин бөлүктөрү бар болчу. Шерик агай экөөбүз бошогондо сепилдин калдыктарына кызыгып, казып жүрдүк. Бирок археолог болбогондуктан анын кайсы жылдарга таандык экенин биле алган жокпуз. Ошол кезде эки эчкемер (кескелдириктин бир түрү жана эң чоңу) кармап, шыпка байлап, ченегенде анын бирөөсүнүн узундугу 1,5 метр болгон.

Окуучулар тентек болгондуктан жергиликтүү аксакалдар жардын боюна барбагыла деп көп эскертишкен. Себеби жарды ыйык, өзгөчө жер деп эсептешчү. Аксакалдардын айтымында, жай мезгилинин аптаптуу күндөрүнүн биринде аср намазынын убактысынан өтүп калган чакта (күн киргенден кийин) ээн талаадан төрт катар болуп тизилген жоокерлер өткөн. Жаш балдар аскерлер келе жатат деп кыйгыргандыктан баары көчөгө чыгышыптыр. Соот кийимдерди кийген, найза, кылыч, калкан көтөргөн, бети-башы чаң аскерлер алдын тиктеген бойдон өтүшүптүр. Аларды эки тарабынан атчан аскерлер курчап алышыптыр. Жоокерлердин кареги жылбай, бир тарапты карап, роботтой болуп өтө беришкен. Ал кездер болжол менен 1937-жылдар болгондуктан тургундар даректүү тасма тартылып жатат деп да ойлошкон. Бирок ээн талаада тасма тарткан эч ким көрүнгөн эмес. Чоң кишилер аларды 20 метр алыста, ал эми жаш балдар андан да жакын жерде карап турушкан. Жоокерлер күн батканга чейин өтүшүп, айлана чаңга толуп калыптыр. Караңгы кирип баштаганда тургундар коркуп, үйлөрүнө кирип кетишиптир. Ошондуктан аскерлердин качан өтүп бүткөнүн билбей калышкан. Эртеси ошол жерге түлөө өткөргөнү барышканда эч кандай из табылган эмес. Өкүнүчтүүсү, ошондон көп өтпөй 10 күндүн ичинде 40тан ашуун жаш бала өлгөн экен», - дейт А.Камбаров.

Ал ушундай эле окуя 1970-жылы Щвецияда да болгонун бир жерден окуганын кошумчалады.

«Щвецияда да туристтер 100 жыл мурдагы согушту 15 метр алыстан көрүшкөнүн окугам. Туристтер рация аркылуу согуш болуп жатат, бизди куткаргыла деп кабар беришкен. Бирок жардам берүүчү топ барганда эч нерсе табышкан эмес, из да жок болгон. Туристтер окуяны сүрөттөп беришкенде, 100 жыл мурдагы согушту айтып беришкени маалым болгон», - деди А.Камбаров.

Акрам Камбаров

керкидан

Буга чейин Turmush басылмасы Керкидан байыркы шаар болгонун жазган. Керкидан айылы биздин заманга чейинки III кылымга таандык. «Фергана өрөөнүндө Керкидан шаарындай чоң шаар болгон эмес» деп изилдөөчү Н.Г.Горбунов жазган (Фергана өрөөнүн изилдеген тарыхчы). Ал Керкидан тууралуу изилдөөлөрүндө казылмаларды беш жыл изилдеп, жыйынтык чыгарган.

Толук маалымат бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×