Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 14.08.2019 10:07

Жубайлар: Казакбай ата менен Зууракан апа 44 жыл мурда баш кошуп, 10 баланы чоңойтушту (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 69 жаштагы тургуну Тойчубеков Казакбай ата менен жубайы Зууракан Тойчубекова 44 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жолдошу: Жубайымды көрбөй эле, угуп жактырып калгам (күлүп). Убагында Шекердин сулууларынын бири болгон. 1975-жылы баш кошконбуз. Жубайымды «ГАЗ» үлгүсүндөгү унаа менен алып келгем. Биздин учурда таанышып эле алып келип алышчу.

Ушунча жыл чогуу жашап, жубайымдын бардык сапаттарына баа берип келем. Мени 10 баланын атасы кылды. Чогуу көп нерсени көтөрө билдик.

Жубайы: Мени Зууракан десе көптөр тааныбайт. Документте эле Зууракан деп айтылбаса мени баары Сүкөн деп айтышат. Биз колхоздун учурунда баш коштук. Биздин учур берекелүү заман болчу. Жолдошум колхоздо тракторист болуп, мен тамекиде иштечүмүн. Балдарды багып, үй тиричилигине да жетишип жаттык. Биздин учурда азыркыдай суу чыккан түтүктөр жок болчу. Сууну бир көчө ылдый түшүп, челек менен ташучубуз. Үй тиричиликтерин көбүнчө түндө жасачубуз. Түндө кир жууп, нан жасап, үй жыйнап, үйдөгү кемпир-чалдын тамагын берип, эртең мененки саат 9:00дө жумушта болуп калчубуз.

Мен чакан үй-бүлөгө келин болуп келдим. Үйдө 3 эркек, 1 кыз болгон. Кайын ата, кайын энем болуп жашачубуз. Көп нерселерге кайын энем жардам берип үйрөттү. Нан жапканды билчү эмесмин. Колго камыр кескенди үйрөттү. Кайын энем балдарды дагы багышып жатты. Колхоздо төрөгөнчө 2 ай, төрөгөндөн кийин 2 ай декрет берчү. Анан кайра эле жумушка чакыртып алышчу. Жумуштан келгенче кайын энем үй жумуштарына каралашып жүрдү. Келин болуп келгенде кемчилигимди жаап-жашырып жүрдү. Өз кызындай карады. «Айланайын, сен дагы бирөөнүн кызысың. Менин да көп кызым жок, бир эле кызым бар» деп мага көп колдоо көрсөтчү. Мен дагы өз энемдей мамиле жасачумун.

Биздин учурда кино же концерт коюп артисттер келчү. Алар келгенде кайын энем балдарды алып калып, жолдошум экөөбүздү жиберчү. Теңтуштар менен отуруш кылсак «балдар менен барсаң отургандай болбойсуң» деп алып калчу. Бирок апам каардуу киши болчу. Эртең менен эрте туруп, уйду саап, сүт тартып келчү эле. Келе жатканда эшиктин алды шыпырылып, самоордо чай кайнап турса жайдары болуп калчу. Чайдан ичип, башынан өткөн окуяларын айтып берип, күлүп-жайнап отурчу. Эгер ал киши келе жатканда баары тескерисинен болуп турса, үйгө кирип келе жатканда урушуп кирчү. «Күн көтөрүлүп калганча уйку басып уктап жатасыңарбы? Эрте туруп, эрте иштесең баары тез бүтөт. Анан түштө 1-2 саат уктап ал. Кишинин үйүнө киши кирет. Бирөө көрсө баланчанын келини деп сөз сага тиет» деп айтчу.

Жолдошумдун ушунча жыл жашап ак көңүлдүүлүгүнө баа бердим. Иш кылсак кеңешип кылабыз. Үй-бүлөгө карамдуу, боорукер, адамгерчиликтүү киши. Учурда 10 бала, 10 неберенин ата-энеси болдук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×