Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуТүп району 14.08.2019 11:04

Түптө заманбап мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй келет. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы баасы 47,6 млн сом турган 150 орундуу заманбап мектептин курулушу 2014-жылы башталган.

Мектептин директору Калык Албановдун маалыматына караганда, 2014-жылы 2 млн сом, 2015-жылы 3 млн сом которулса, 2016-жылы бир да сом бөлүнгөн эмес. 2017-жылы 5 млн сом, 2018-жылы 9 млн сом бөлүнүп, мектептин чатыры жабылган.

«2019-жылы 5 млн сом бөлүнүп, эшик жана терезелери салынып, ички дубалдарын жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Курулушту ишке ашырып жаткан «Эне-Сай» ЖЧК курулуш фирмасы бүгүнкү күндө 24 млн сомдун жумушун аткарып коюшту. Акчасы өз убагында берилип турса, мектептин ачкычын эчак эле тапшырышмак.

Куруучулар 5 жылда 47,6 млн сомдон 24 млн сомдук жумушту аткарды. Бул ыргак менен барсак дагы беш жылдан кийин, тактап айтканда 2024-жылы аяктап, тарыхтагы эң узак курулуш атка конот дешет», - деди К.Албанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×