Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 14.08.2019 13:02

Кара-Сууда дүкөндөрдүн ээлери менен жергиликтүү бийлик жер талашып жатышат

Turmush -  Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы Кара-Суу районуна караштуу аймакта соодагерлер дүкөндөрүнүн алынганына каршы болуп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева билдирди.

Анын айтымында, соодагерлер Ош облусунун райондор аралык сотунун чечимине карабай соода түйүндөрүн албай жатышат.

«Ош облустук райондор аралык сотунун чечимине ылайык, 2017-жылы Ош облустук суу чарба жана мелиорация департаменти тарабынан Абдыманап Сулайманов аттуу жаранга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 1 миң 692 чарчы метр жерин ижарага берүү жөнүндөгү 9 келишими жокко чыгарылган. Учурда ишкер өзүнүн эсебинен мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуп, жерди мурдагы калыбына келтирип жатат», - деди М.Жороева.

Дүкөндөр жайгашкан жер Ош облустук суу чарба ишканасынын карамагында турат. Кара-Суу райондук мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, дүкөндөр корук зонасына курулуп калгандыгы үчүн бузулууга тийиш.

Буга чейин Turmush басылмасы дүкөндөрдүн ээлери күркөлөр толук алынбай жатканына нааразы болуп жатышканын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×