Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусу, Нарын 14.08.2019 15:00 На русском

Жаш талант: Сүрөтчү Н.Русланова таттуулардын түрүн жасайт

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 14 жаштагы тургуну Нурайым Русланова музыкалык аспаптарда кол ойнотуп, сүрөт тартып алдыңкы орундарды алып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурайым аталган айылдагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде билим алат. Ал сентябрь айында 9-класска барат.

«Кичинекей кезимден эле пейзаж жана портреттерди көңүлүмө жараша тартам. Алар бири-бирине окшошпойт. Анткени сүрөттөр маанайыма жараша тартылат. Сүрөт тартуу боюнча сынактарга көп деле катышпайм. Алгачкы ирет быйылкы жылы сүрөт тартуу боюнча сынакка катышып, 1-орунду алдым. Ушундан улам алдыда дагы сынактарга катышууга шыктанып калдым.

Ошондой эле 10 жашымдан бери мектепте өткөн иш-чараларда, майрамдык концерттерде ырдайм. Учурда улуттук аспабыбыз болгон комузду үйрөнүп, фортепианону жакшы чертем. Мындан тышкары бош убактымда таттуулардын түрүн жасаганды интернеттен үйрөнүп, майрам күндөрү үйгө жана туугандарыма жасайм. Келечекте технолог-кондитер болуу үчүн даярдык көрүп жатам», - деди ал.

Нурайым 4 жылдан бери чачына кам көрүп өстүрүүдө.

«Узун чачтуу аялзатын көрүп аябай суктанам. Өзүм дагы 10 жашымдан тарта чачымды узун кылып өстүрө баштагам. Азыркы тапта чачым белимден бир топ ылдый. Чачымды атайын чачка ылайыктуу маскаларды же айран сүйкөп карабайм. Башка кыздардай эле кам көрөм. Көбүнчө ар түрдүү кылып өрүп жүрөм же түйүп алам. Кээде жайып жүргөн кезде чачыма суктанып карагандар болот жана кичинекей кыздар өзүнүн чачтарын узун кылып өстүрүүгө кызыгып калышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×