Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Баткен облусу, Баткен 14.08.2019 16:24 На русском

Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыков ачкачылык кармап жатат. Жактоочу эмне дейт? Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-августта Баткен облустук сотунда прокурордун өлүмүнө шектелип кармалган Мелис Калыковго карата кыйноонун колдонулушу фактысы жөнүндөгү апелляциялык арыз каралды.

Мурда арыз Кадамжай райондук соту тарабынан каралган. Сот аны канааттандыруусуз калтырган болчу. Апелляциялык арыз тергөөчүнүн бул фактылар боюнча кылмыш иш козгоодон баш тарткан токтомунун үстүнөн берилген.

Мурда апелляциялык арыз Баткен райондук сотуна берилип, бирок бул сотто Калыков боюнча бир нече иш каралгандыктан (кыйноолор жөнүндөгү арыздар боюнча) материалдар Кадамжай райондук сотуна берилген.

Бүгүнкү отурумга Калыковду алып келишкен жок. Баткен облустук сотунун судьясы Калыковдун Баткендеги соттук отурумга катышуусуна Ош шаардык сотунан тыюу салынгандыгын айтты. Сотко кыйноолор боюнча фактыны иликтеген тергөөчү Манас Сулайманов менен УКМКнын өкүлү катышты.

Мелис Калыковдун жактоочусу Асылбек Коңуров мыйзам боюнча арыз каралганда эки тарап тең катышуусу керектигин айтты. Алар өздөрүнүн позицияларын айтып, укуктарын коргошу керек.

Баткен облустук сотунун коллегиясы жактоочу Коңуровдун күбөлөрдү суроо жөнүндөгү билдирүүсүн кабыл алган жок. Соттук коллегия жактоочунун апелляциялык арызын кароосуз калтырды.

М.Калыков ЖАМКтын №25 абагында кармалууда. Ал 6-августта прокурордун өлтүрүлүшү боюнча ишти алып барып жаткан сот Жолборс Кудаяровдун чечимине каршылык катарында ачкачылык жарыялаган. Калыков ишти объективдүү кароону суранып жатат. Анын жактоочусу А.Коңуров бир нече жолу сотту алмаштыруу боюнча арыз жазышканын, бирок канааттандырылбагандыгын билдирди. Жактоочу буга катар эле шектүү М.Калыковдун абалы оор экендигин айтты.

«Жактоочу катары №25 абактын жетекчилигине билдирүү жөнөттүм. Бирок жооп ала элекмин. Ал ачкачылык жарыялагандан бери 8 күн өттү. 13-августта Ош шаардык сотунда өткөн отурумда анын ден соолугун, эмне үчүн мындай кадамга барганын, анын кандай талаптары бар экенин эч ким сураган жок. Ага ачкачылыкты токтотууну айтканымда мыйзамсыздык менен күрөшүүдө мындан башка аргасы калбагандыгын айтты», - деди ал.

Буга чейин 23-ноябрда АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү делип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков милиционерлер жана прокурорлор тарабынан кыйноо болуп жаткандыгын билдиргендигин айткан.

Анын айтымында, анын атына Баткен облусунун тургундары жамааттык кайрылуу менен кайрылышкан (500дөн ашык кол коюлган).

«Алардын арызында айтылгандай, шектүү окуя болгон күнгө чейин апасына тоого барып келүү керектигин айткан. Кийинки күнү М.К.нын унаасында облустун прокурору жана анын эки орун басары болгон. Шектүү үйүнө келгенде анын аркасынан прокуратуранын 4 кызматкери келип, Мамажакыпов кайда экенин сурашканда ал билбей турганын айткан. Аны күч колдонуу менен РИИБге алып кетишкен. Түнү менен сабашып, тиешелүү түшүнүк кат алышкан.

Арызда ошондой эле кыйноо фактыларын далилдеп бере турган күбөлөр бар экени айтылган. Ошондой эле шектүү жаранга милициянын кызматкерлери жактоочуларды киргизбей коюшкан. Анда жактоочулардын бири облустук прокуратура кайрылган, бирок ал жактан милиционерлерге карата жазылган арызды дароо кабыл алышкан эмес», - деген ал.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесиндеги М.К.га барышкан. Ал жактан шектүү прокуратуранын жана милициянын кызматкерлери аны кыйнагандыгы боюнча арыз жазган.

«Ал алардын атын жана фамилияларын билбейт, бирок көрсөтүп бере алат. Анын айтымында, башына желим бөтөлкө менен чапкылап, муунтуп, денесинин ар кайсыл жерлерине урушкан», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
09.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
30.01.2019Мамажакыпов менен коррупцияны жоюу боюнча сүйлөшүп, ушундай абалга түшүп отурам: Прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыковдун соттогу сөзү
16.01.2019Баткенде прокурордун өлтүрүлүшү: Сот кылмышка шектелген М.Калыковдун жактоочусунун даттануусун карап чыкты. Видео
29.11.2018ИИМ менен Башкы прокуратура: Прокурор кылмышка шектүү М.Калыковго кылмыш иш козгой тургандыгын айтып коркутуп жүргөн
29.11.2018ИИМ менен Башкы прокуратура: М.Калыков прокурор менен уруша кетип кокусунан атып өлтүрүп алган
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
05.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
24.07.2019Прокурордун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
23.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Бүгүн сот отурумунда шектүү Мелис Калыков суралышы мүмкүн
30.01.2019Баткенде прокурордун өлтүрүлүшү: Кылмышка шектелген Мелис Калыковду Оштон Баткенге сотко алып келишти (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×