Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуПанфилов району 15.08.2019 08:40 На русском

Панфиловдо өспүрүмдөр көлмөдөн граната таап алышты. Сүрөт

Turmush -  Панфилов районундагы көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынган. Бирок ысыкта мындай тыюу салууларга эч ким көңүл бурбастыгын аталган райондун өспүрүмдөрү айтып, суудан граната таап алгандыгын билдиришти.

«Панфилов районундагы көлмөлөрдүн бирине түшүүгө барганбыз. Бир маалда жээктен досторумдун биринин бутуна бир нерсе урунду. Колун сууга салып, жээкке ылай болуп калган сүйрү бир буюмду алып чыкты. Табылганы чайкагандан кийин биз граната экенин билдик. Ал аябагандай эскирип жана дат басып калыптыр», - деди 14 жаштагы Аскар.

Өспүрүмдөр табылган гранатаны мурун аскер кызматында иштеген пенсионерге көрсөтүшкөн.

«Балдар таап алган буюм Дьяконова кол гранатасы. Ал союз учурунда 1933-1941-жылдары чыгарылган. Көп жылдар бою суунун астында жатып калган экен. Бул аралыкта гранатанын корпусу гана калган. Көлмөгө кандайча түшүп калганы белгисиз», - деди Николай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×