Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 15.08.2019 09:18

«Манас Ордо» комплексине окуучулар келип, китеп окуп жатышат

Turmush -  13-августтан тарта «Манас Ордо» комплексинде «Китеп күндөрү» аттуу лагерь уюштурулду. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

«3 күнгө созула турган «Китеп күндөрү» Ак-Дөбө айылынын жаштар борбору тарабынан уюштурулду. Анын максаты — китеп окууну жайылтуу. 30 бала, 3 тарбиячы күнүнө түшкө чейин жана түштөн кийин 1,5 сааттан китеп окушат. Балдар атайын ылайыкталып тандалган китептерден өз табитине жараша чыгармаларды окуп жатышат. Аларды кечинде атайын транспорт менен үйгө жеткирип турушат. Китеп окуудан тышкары тренингдер өткөрүлүүдө.

Биринчи күнү Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Үсөнов менен жолугушуу болсо, 14-августта балдар Талас ОИИБдин инспекторлору менен жолугушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×