Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуАксы району 15.08.2019 09:20

Аксыда кожогаттын баасы канча болуп жатат?

Turmush -  Аксы районунун аймагында кожагат терүү мезгили башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, быйыл кожогаттын 1 килограммы 150 сомго чейин бааланууда.

«Жайлоодо кожогат терген адамдардын саны көбөйдү. Учурда жергиликтүү тургундар Авлетим, Итагар жана Падыша-Ата жайлоолорунан кожогат терип жатышат. Анын 1 килограммы 100 сомдон 150 сомго чейин сатылууда», - дешти тургундар.

Аксы районунун Кашка-Суу жана Авлетим токой чарбасынын карамагында жапайы кожагат өсөт. Жыл сайын июль, август айларында кожагат терген адамдар көбөйөт. Алар жакынкы райондорго дагы сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×