Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуТоң району 15.08.2019 09:50

Тоңдо байге фонду 1,4 млн сомду түзгөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда байге фонду 1 млн 400 миң сомду түзгөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Данияр Арпачиевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүү багытында райондо 3 айлык жарыяланган. Анын алкагында аймакты тазалоо, айлана-чөйрөнү көрккө келтирүү жана жарыктандыруу, ички жолдорду оңдоо иштери пландалган.

Атайын 18 кишиден турган комиссия райондогу 9 айыл аймактын мекеме-ишканаларын кыдырып, алардын жасаган иштерине жеринде күбө болушту. Текшерүүнүн жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында «Мыкты айыл аймак», «Мыкты көчө», «Мыкты мекеме» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Район боюнча «Мыкты мекеме» наамын санитардык көзөмөл борбору алса, мыкты айыл аймак деп Төрт-Күл жана Тоң айыл аймактары табылды.

Тоң айыл аймагынын башчысы Болот Мамбетов сынактын жүрүшүндө айыл эли дагы өз салымдарын кошконун айтып, айыл ичи жарыктандырылып, көчөлөр иретке келтирилгенин белгиледи.

Ал эми аким сынак кийинки жылы да өткөрүлө турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×