Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 17.08.2019 16:42 На русском

Чолпон-Атада кыз-келиндер арасында волейбол мелдеши өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасынын финалдык беттештери өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чарага Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышууда.

Кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасы 2018-жылы түзүлгөн. Лигада профессионал эмес, спорт сүйүүчүлөр гана ойношот. Максаты — кыз-келиндерди спортко тартуу жана ден соолугуна кам көрүү.

Буга чейин аталган мелдеш Бишкек шаарында 7 облустан келген командалардын арасында өткөрүлсө, экинчи туру Ош шаарында өткөрүлгөн. Финалдык бөлүгү бүгүн, 17-августта Чолпон-Ата шаарында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, «Жасмин», «Дилгир» командаларынын арасында өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×