Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.08.2019 18:00

Жаш талант: Тамга тааный электе «Манас» айткан 6 жаштагы Саид Кыргызстанды кыдырууда. Видео

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын 6 жаштагы тургуну Саид Жолочиев тили чыккандан тартып «Манас» айтып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Саид 2013-жылы 14-июнда төрөлгөн. Чоң апасы Салкын Бектенованын айтымында, ал алгач «Манастан» үзүндү угуп, аны кайра айтканга аракет кылат.

«Неберем быйыл мектепке чейинки даярдоо классына барат. Азыр тамга тааный элек. Тили эрте чыккан. 3 жашынан баштап "Манас" айта баштады. Биз дагы эпостон үзүндүлөрдү чөнтөк телефонго, ноутбукка көчүрүп берип коёбуз. Аны угуп, кайра айта алат», - дейт Салкын Бектенова.

Саид учурда «Манасты» 20 мүнөткө чейин айтат. Кээде берилип кетип токтоно албай калганда ата-энеси токтотуп коёт.

«Тайторунун чабышы, Көкөтөйдүн ашын айтам. Бул окуялар мага жакын, ошол жерде болгондой сезилет. Мен Рыспай, Назаркул атамдай, Дөөлөт, Нурбек, Төлөбек манасчылардай болсом дейм», - дейт Саид.

Ал 1 жылдан бери чоң манасчыларга кошулуп, өлкө кыдырып «Манас» айтып келет.

«Карга акенин 300 жылдыгы биздин айылда өтүп, ошондо неберем манасчылар менен таанышып, аларга кошулду. Ат-Башыга барып, Тыныбек манасчыга арналган иш-чарага катышты. Бишкек шаарында манасчы, дастанчылардын V фестивалында 3-орунду ээлеген. Ак үйгө барып "Манас" айткан», - дейт чоң энеси.

Саид кайда барса да, аны менен чогуу чоң энеси жүрөт. Атасы Эдил Орозбаев, апасы Раушан Жумабекова экөө тең кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери.

«Кайын атам ыр жазган, сөзмөр адам болгон. Келиним Раушан Жумгал районунан. Анын жетинчи атасы белгилүү Куйручук экен», - дейт Саиддин чоң энеси Салкын Бектенова.

Саид «Манасты» Саякбай Каралаевдин варианты менен айтат. Ал манасчы Нурбек Талантбековдун шакирти. Бош убактысында ырдайт. Бийге, шахмат ойноого да кызыгат. Учурда Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган 3 күн, 3 түн «Манас» айтуу иш-чарасына катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×