Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 18.08.2019 12:17 На русском

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Чолпон-Атада өткөн турнирде чемпиондук курду жеңип алды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Айкөл FC7» аталышындагы эл аралык турнир кечээ, 17-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда уюштурулган. Мелдеште 5 өлкөнүн (Россия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан) 22 мушкери беттеш өткөрүштү. Турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык Канат Келдибеков 66 килограмм салмакта чемпиондук кур үчүн россиялык Михаил Диктеров менен күч сынашты. Анын жыйынтыгында К.Келдибеков атаандашын 1-раундда жеңип, Россияда өтө турган турнирге жолдомо алды.

«Aйкөл FC7» турниринде жалпысынан 11 беттеш болгон. Анын алкагында кыргызстандык спортчулар казакстандык, россиялык мушкерлер менен беттешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×