Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.08.2019 17:18 На русском

Погончон айым: Түндө бир колуна автомат, бир колуна баласын көтөрүп чуркаган Алиянын эстен кеткис окуясы (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Алия Жаманкеева ата-энесинин сунушу менен экономикалык билим алган. Бирок бала кезинен эле милиция кызматкери болууну көздөгөн Алия максатына жетүү үчүн колунан келген аракетин жасады. Погончон айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Милициянын сержанты Алия Жаманкеева учурда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук күзөт бөлүмүндө милиционер-оператор болуп эмгектенет.

«Атам Абрахим Жаманкеев 1959-жылы төрөлсө, апам Жаңыл Кусаинова 1961-жылы туулган. 3 бир тууганмын. Бактылуу үй-бүлөдө чоңойдум десем болот.

2007-жылы 9-классты аяктаганда атам мага Бишкек шаарындагы финансы техникумунда билим алууну сунуштады. Мен каршы болуп, ИИМдин академиясын көздөп жатканымды айттым. Бирок ата-эне ыйык эмеспи, алардын сөзүнө көнүп, Бишкек шаарындагы финансы-экономикалык техникумду аяктадым.

2011-жылы Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине өтүп кеттим. 2012-жылы Токмок шаардык атайын багыттагы топко которулдум. Бирок ички иштер органдарында кызмат кылууну кыялдана бердим. 2017-жылы аталган атайын багыттагы кызматта келишимим бүткөн соң ички иштер органдарына кабыл алындым. Андан бери 2 жыл өттү. Ички иштер органдардын системасын түшүнүп, билип калдым. Албетте келечекте дагы көп нерсени үйрөнүп, көп тажрыйба алышым керек», - деди Алия.

Ал чыгыш бийин үйрөнүп, 2010-жылы Чүй облусундагы сулуулар сынагына катышкан.

«Аял киши үчүн милиция кесибин тандоо оңой эмес. Үй-бүлөң колдоп турса, анда баары жакшы болот. Мен үй-бүлөлүүмүн. Алим аттуу уулум 6 жашка чыкты. Жолдошум экөөбүз ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып келебиз. Жумушта жумуштай, үйдө үйдөй жүрүп, мээримдү эне, татыктуу жар болууга болгон күчүмдү жумшайм. Бош убактымда кызыктуу китептерди окуганды, музыка укканды жакшы көрөм. Келечекте тажрыйбалуу кызматкер болгум келет. Бир кезде чыгыш бийин үйрөнгөм. 2010-жылы "Чүй сулуусу" сынагына катышкам. Ички иштер органдарындагы кызматкерлердин арасында өткөрүлгөн облустар аралык биатлон боюнча мелдеште 3-орунга илингем», - дейт погончон айым.

Ал жумушундагы кызыктуу окуялардан дагы айтып берди.

«Согуштук даярдык (боевая готовность) боюнча сабакта командирибиз мени катардан чакырып, ок атуучу автоматты чачууга буйрук берди. Алгач өзү көрсөтмөлөрдү берип, "биринчи магазинди чыгарасың" деген. Мен "магазин каякта?" деп сурап жиберсем, баары күлүп жиберди. Ал тургай командирибизге дагы ушунчалык күлкүлүү болгондуктан, мага жаза берүүдөн баш тарткан.

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Жолдошум экөөбүз бир жерде кызмат өтөйбүз. Айгай (тревога) жарыяланганда аскер шаарчасында жашаган кызматкерлер тез арада аскердик бөлүккө келип калышыбыз керек. Белгиленген убакыттын ичинде ок атуучу автомат, каска, сооттолгон кийим (бронежилет), тийиштүү аскердик шаймандарды алып, тизилип калышыбыз зарыл. Күндүз уулубузду бала бакчага берсек, түндө өзүбүз карайбыз да. Бир ирет түндө айгай жарыяланып калды. Баланы караганга киши жок, мен үйдө калсам болбойт. Бул — кызмат, ал чоң жоопкерчилик. Ошондо эмне кыларымды билбей, жолдошум менен бирге жанталашып формамды кийип, курал-жарактарды алып, бир колума баланы көтөрүп алып сапка тизилип калгам. Элестетиңиз, бир колумда автомат, бир колумда бала», - деди Алия Жаманкеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×