Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 19.08.2019 20:00 На русском

«Ош Фест—2019»: Сулайман-Тоонун алдындагы мода көргөзмөсү

Turmush -  Ош шаарында өткөн «Ош Фест—2019» туристтик фестивалынын алкагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын алдыңкы дизайнерлеринин этно кийимдеринин көргөзмөсү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коноктор түрк тилдүү элдерге таандык айымдардын улуттук кийимдерине күбө болушту. Дизайнерлердин айтымында, этно маданият — бул түрк тилдүү элдердин тарыхынын бир бөлүгү, ал аркылуу көчмөн элдин өз алдынча мамлекет болуп түзүлгөнүн көрүүгө болот.

Мода көргөзмөсүндө улуттук стилдеги жалпы 80 кийим көрсөтүлдү.

Буга чейин Turmush басылмасы 17-август күнү «Ош Фест—2019» туристтик фестивалы өткөнүн жазган.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Сулайман-Тоо» музей комплексинин алдында атайын сахналаштырылган иш-чара уюштурулуп, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган «Алтын өрөөн» аталышындагы улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү менен уланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×