Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.08.2019 13:38

Белгилүү сүрөтчү жана скульптор Токтобай Жумакулов көз жумду

Turmush -  Белгилүү сүрөтчү жана скульптор Токтобай Жумакулов 63 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын шакирти Үмүт Тешебаев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы Алымбек датка, Курманжан датка, Исхак Раззаков, Рыспай Абдыкадыровдун жана Ош облусундагы бир катар айкелдердин автору, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Токтобай Жумакулов 19-август күнү каза болгон. Анын сөөгү Кара-Суу районунун Таштак айылында өзүнүн кичи мекенинде жерге берилди.

«Агай 1992-жылы Москвадагы В.И.Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтун аяктаган. Ош мамлекеттик университетинде 1-курста агайдын колунда окуп калдым. Ошондон тартып чогуу жүрдүк. Кеңпейил адам эле. Билгенин баарын үйрөтчү. Алдыңкы сүрөтчү болчу. Адамдын анатомиясын жакшы билгендиктен, сүрөттөрү жандуу тартылчу. ОшМУдан бүткөн ар бир сүрөтчү Токтобай агайдын шакирти болуп эсептелет. Көрүнүктүү инсандардын айкелдеринин автору болууга жетишти. Түркия, Кипр мамлекеттеринде да эмгектери бар. Түркияда Ч.Айтматовдун «Кызыл алма» чыгармасынын негизинде мрамордон жасаган айкели бар. Өмүрүнүн аягына чейин иштеп, кыргыз элине эмгектерин калтырып кетти. Өткөн жылы агайымдын сүрөтүн тарткан элем», - деп эскерди Үмүт Тешебаев.

Жумакулов Токтобай Хашимович 1956-жылы Кара-Суу районунун Таштак айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында билим алып, 1992-жылы Москвадагы В.И.Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. 1993-жылдан бери ОшМУда эмгектенип келген. 2000-жылы окуу жайдын көркөм-прикладдык искусство бөлүмүнүн, 2002-жылдан тартып көркөм-графика факультетинин башчысы болгон.

ОшМУнун башкы корпусундагы гербдин,Ош шаарындагы композитор П.И.Чайковскийдин айкелинин, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жана тылда эмгектенгендердин жаркын элесине арналган эстеликтин автору.

Токтобай Жумагулов өзүнүн 60 жылдык мааракесине карата үйүнүн жер төлөсүнө сүрөт галереясын негиздеген.

Анын артында 2 уулу, 1 кызы жана жубайы калды.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Токтобай Жумагулов менен маектешкен. Толук маалымат бул шилетемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×