Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 15.09.2019 17:00

Айыл турмушу: Бакай-аталык Т.Сманов жашы өтүп калса да устачылык кылып, элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын 61 жаштагы тургуну Токтогул Сманов 30 жылдан бери устачылык менен каражат табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буйрутма берип ишин жасаткандар көп.

«1979-жылы Челябинск шаарынан аскердик кызматымды өтөп келдим. Ал жактан дагы усталык иштер менен алек болуп жүрдүм. Тажрыйбамды бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Аскерден кайтып келгенде жыгачтан ар кандай буюмдарды жасоого кызыгуум арта баштады. Кызыгуу менен иштеген жумуш жакшы. Маанайың дагы болот. Маанайың жакшы болсо көп иш оюңдагыдай болуп илгерилейт. Кийин колхоздун жыгач тилгичи болуп бир топ жыл эмгектендим.

Устатым ушул айылдагы кадырлуу, колунан көп нерсе келген Таалим деген киши. Атам ошол кишиге мени алып барып шакирт кылган. Ал жыгачтан айнек эшиктерди мык колдонбой жасагандан тарта татаал буюмдарга чейин даярдап бергенге үйрөткөн. Ал убакта усталардын иши токтобой жүрүп турчу. Азыр терезелер желимден жасалып калды. Бирок анын зыяндуулугун эл сезип баштагандай. Азыркы күндө үйлөргө жыгачтан пол салууга көп буйрутма келет. Айыл ичинде столдордон тарта башка майда буюмдарды жасатып кетишет. Эмгектеримди бирөөнүн үйүнөн көрүп калсам эл үчүн аз да болсо пайдам тийип жатат деп сүйүнөм. Бекер дагы жасап берип коём. Жылына 100 миң сомго чейин каражат табам. Балкондорду 16 миң сомго жасап берем. Мындай жумуштар оор. Жардамчы балдар менен чатырын жабабыз. Элдин каалоосуна жараша заманбап кылып орнотуп берем.

Жалпы 30 жылдан бери үйдүн чатырларын жаап, балкондорду жасап келе жатам. Жашым өтүп бара жатса дагы буйрутма үзүлбөйт. Кышкысын дагы тынч отурбайм. Мен көбүнчө буюмдарды кол менен жасайм. Алар бекем болот. Өзүм керектүү шаймандар менен кесип жасагандан ырахат алам», - деди ал.

Жыгач уста 4 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×