Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 23.08.2019 15:32

К.Салихов Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Салихов Кеңеш Каримович дайындалды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-августта кол койду. Жаңы орун басар облустук жетекчиликтин эмгек жамаатына бүгүн, 23-августта тааныштырылды.

К.Салихов 2014-жылдан бери Баткен районунун акими болуп иштеп жаткан.

Өмүр баяны

Туулган жылы: 1961-жыл

Туулган жери: Баткен районунун Самаркандек айылы

Улуту: Кыргыз

Билими: 1979-жылы Фрунзе педагогикалык институтунан орус тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болуп чыккан.

Билген тилдери: кыргыз, орус, өзбек, тажик.

Эмгек тажрыйбасы:

- 1983-1983-жылдары: Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндөгү А.Осмонов атындагы орто мектебинде мугалим;

1983-1984-жылдары: Баткен райондук комитетинин комсомолунда сектор башчы;

1984-1986-жылдары: Советтик армияда жоокер;

1986-1987-жылдары: Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндөгү А.Осмонов атындагы орто мектебинде мугалим;

1987-1988-жылдары: Самаркандек айыл өкмөтүндөгү М.Салихов атындагы орто мектеби нде директордун орун басары;

1988-1990-жылдары: Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндөгү А.Осмонов атындагы орто мектебинде мугалим;

1990-1992-жылдары: Самаркандек айыл өкмөтүндөгү М.Салихов атындагы орто мектебинде директордун орун басары;

1992-1993-жылдары: «Илбирс» кичи ишканасында эсепчи;

1993-1997-жылдары: Самаркандек керек-жарак коомунда инспектор;

1997-2010-жылдары: «Топ терек» дыйкан чарбасында жумушчу;

2010-жылы: Баткен райондук мамлекеттик администрациясы нда жетектөөчү адис;

2010-2011-жылдары: «Топ терек» дыйкан чарбасында жумушчу;

2011-2012-жылдары: Самаркандек айыл өкмөтүндөгү М.Салихов атындагы орто мектебинде директор;

2012-2014-жылдары: Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы;

2014-2019-жылдары: Баткен районунун акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×