Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 26.08.2019 09:11

Сокулукта «Акимдин кубогу-2019» футбол турниринин жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда 3-августтан 25-августка чейин футбол боюнча өткөрүлгөн «Акимдин кубогу-2019» мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ардагерлер арасында өткөн мелдешке 7 команда катышып, анын ичинен 1-орунду Кызыл-Туу айыл аймагынын (10 000 сом, кубок, медаль, диплом), 2-орунду Фрунзе айыл аймагынын (6 000 сом, медаль, диплом), 3-орунду Саз айылынын (4 000 сом, медаль, диплом), 4-орунду Сокулук айыл аймагынын (2000 сом, медаль, диплом) командасы жеңип алышты. Ошондой эле «Мыкты оюнчу» наамы Равил Исраиловго, «Мыкты коргоочу» наамы Нурлан Токтокожоевге, «Мыкты дарбазачы» наамы Кубанычбек Керимбаевге ыйгарылды.

Ал эми жаштар арасында өткөн мелдешке 18 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Туу айыл аймагынын (25 000 сом, кубок, медаль, диплом), 2-орунду Сокулук айыл аймагынын (15 000 сом, медаль, диплом), 3-орунду Крупск айыл аймагынын (10 000 сом, диплом, медаль), 4-орунду Кызыл-Туу айыл аймагынын дагы бир командасы жеңип алды. Ошондой эле «Мыкты оюнчу» наамы Борис Дроздетскийге, «Мыкты коргоочу» наамы Кыял Кадырбаевге, «Мыкты дарбазачы» наамы Руслан Дюшебаевге, «Мыкты чабуулчу» наамы Асилбек уулу Кантөрөгө ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×