Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.08.2019 20:00

Аскердик кызматын өтөп жатып, дүйнөлүк биринчиликте күмүш тагынган Эламан Мелисбек уулу. Видео

Turmush -  Бүгүн, 26-август күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Казакстан мамлекетинин Алмата шаарында өткөн оксуз кармашуу (рукопашный бой) боюнча дүйнө биринчиликте күмүш тагынган 21 жаштагы Мелисбек уулу Эламанды салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары жана спорт сүйүүчүлөрү барышкан.

«Мен дүйнө биринчилигине көп даярдандым. Тынымсыз машыгуунун натыйжасында күмүш медалды тагындым. Буюрса кийинки мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып, кыргыз элимди кубандырам деген ниетим бар. Мен спортко окуучулук кезимде аралашкам. Эң чоң ийгилигим ушул болду», - деди Эламан.

Ал дүйнө биринчилигинде 75 кг салмакта күч сынашкан. Жалпы 4 беттеш өткөрүп, 3 атаандашын жеңип, финалдык беттеште россиялык спортчудан жеңилип калганын машыктыруучусу Актилек Асанов билдирди.

«Учурда Эламан аскердик милдетин өтөп жатат. Ал буга чейин мелдештерге катышып жүргөндүктөн, аскердик кызматын өтөп жатса дагы биринчиликке барууга уруксат берилген. Жыйынтыгында баарыбызды кубандырып турат. Кайра аскердик кызматын өтөөгө барат», - деди Актилек Асанов.

Эламан Мелисбек уулу спорттун жиу-житсу, ушу-саньда, дзюдо түрлөрү менен машыгып, чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге катышып жүрөт.

«Кыргызстанда спорт күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Анткени спортчулардын тамак-ашына жакшы көңүл бурулуп, спортчуларыбыз чет мамлекеттен алтын, күмүш, коло медалдарды тагынып жатышат. Өткөн жылы Ош шаарынын спортчулары чет өлкөдө өткөн мелдештерде 125 алтын, 103 күмүш, 96 коло медаль тагынышты. Бул жылы дагы жакшы жетишкендиктерге жетишебиз деген максаттарыбыз бар», - деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрөгасынын орун басары Улан Ражапов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×