Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.08.2019 11:51 На русском

Айыл турмушу: 13 жаштагы окуучу бала өмүрүндө биринчи жолу чоң олжолуу болду

Turmush -  Жайыл районунун кичинекей тургуну Никита Клименко 6 жашынан тарта балык уулоого кызыгат. Ал атасы менен бирге балык уулоого дайыма чыгып турат.

IMG_7937-1

Никита балыктардын ар кандай түрлөрүн кармап келет. Эң чоң олжосу 12 жашында кармаган карп балыгы болгон. Анын салмагы 5 кг 730 граммга жеткен болчу.

«Биз атам экөөбүз суу сактагычта балык кармап жатканбыз. Кайырмакка жүгөрү илип, аны сууга ыргытып койдук. Саат сегиз жарымдарда кайырмак кыймылдап, төмөн карай тартылды. Мен аны кармап, өзүмө тарта баштадым. Балык абдан чоң болгондуктан оор болду. Карп балыгы ары-бери кыймылдап жатты. 20 мүнөт убакыт дегенде жээкке чыгардык.

Мага балык уулоо абдан жагат. Качан гана чоң балык кармаганда ушунчалык адреналин алам», - дейт Никита Клименко.

Суу сактагычтын ижарачысы Токтош Владимир Гребеневдин айтымында, балдардын балык уулоосун колдоп, жаш өспүрүм балдарга көлмөлөрдөн бекер балык уулоого уруксат беришкен.

«Жайыл районунда 5 килограммдан ашык салмактагы карп жана амур балыктары бар. Мындай чоң салмактагы балыктарды кармабаганга аракет кылабыз. Мен караган көлмөдө 20 кг салмактагы амур балыгы бар. Бирок мен аны кармагым келбейт. Ал бизге балык кармоочуларды тартып турат», - дейт суу сактагычтын ижарачысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×