Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Баракелде, Бишкек 27.08.2019 16:05 На русском

Түрк элине келин болгон Гүлистандын эстен кеткис күнү

Turmush -  Атагулова Гүлистан Акчаловна Талас облусунда 1986-жылы төрөлгөн. Ал Түркияда 1976-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өндүрүштүк холдингде экспорт жана логистика боюнча адис болуп эмгектенет.

«Жумуш боюнча 2010-2012-жылдары Россиянын Москва шаарында жашадым. 2012-жылы жайында турмушка чыгып, Стамбулда жашап калдым.

Мамлекеттер жашоо шарты жагынан айырмаланып турат. Бирок бардык жакта жакшы жана жаман адамдар бар. Бишкекте жашап жүргөндө коңшуларымдын баары ар улуттан эле. Ошол бала кезимде эле ар кайсы улут менен жашоого үйрөндүм. Кийин чоңойгондо университетте ар кайсы улуттагы студенттер менен окудук. Университетти бүткөндө Москвага барып, кореялык компанияда дагы ар кайсы улуттагы адамдар менен иштеп калдым. Азыркы иштеп жаткан холдингде ар түрдүү улуттун өкүлдөрү бар.

Москвада жүргөндө жергиликтүү тургундар бизге караганда китепти көп окушарын байкагам», - деди ал.

Аны аэропорттон гүл менен тосуп алган жолдошу кулайын деп калган имараттан колун сураганын үйүндөгүлөргө айта албай, 10 күн ойлонгон.

«Мен учурда Түркияда экспорт тармагын тейлеген холдингде эмгектенем. Бул жумушка киргениме 2 жыл болду. Ага чейин кызым кичине болуп, үйдө отуруп калгам. Түркчө, кыргызча, орусча, англисче билем. Жолдошумдун улуту түрк, ал 1984-жылы төрөлгөн. Экөөбүздүн 7 жаштагы бир кызыбыз бар. Быйыл буюрса мектеп босогосун аттайт деп толкунданып турган учурубуз. Кыргызстанга шартка карап барып турабыз. Былтыр баргам, быйыл бара албай калдым. Ал эми ата-энем, бир туугандарым келип турушат.

Эсте калган окуям көп эле. Жолдошум аэропорттон гүл менен тосуп алган учур эсимде калды. Кулайын деген эски имаратка алып барып, менин колумду сураганы эсимде. Көрсө ал жер тарыхый жер экен. Ошондо жолдошум сүрдөп, түркчө сүйлөбөй, англисче сүйлөдү.

Түрк жигитке турмушка чыга турганымды үйдөгүлөргө айта албай, 10 күндөн кийин айткам. Атам: "Ушул турган Кыргызстандын ичиндеги аймактарга барсаң, тузу айырмаланып турат. Кантип коркпой дүйнөнүн башка бурчуна кетем дейсиң? Эми кандай болот, кызым?" деп кейиген. "Бала сени жактырып, мүнөзү түз болгону маанилүү. Бирок кандай болбосун атаңдын эшиги ачык" дегенин унутпайм. Андан кийин кыздуу болгон күнүбүздү унута албайм. Эң бактылуу көз ирмем», - деди ал.

Түрктөрдө келин кызмат кылат деген түшүнүк жок экенин айтат.

«Түрктөрдүн тамагында чөп-чар көп болот. Бирок жерине жараша айырмаланат. Мисалы, жолдошум Анадолудан. Аларда камыр тамакты көп бышырышат.

Мырзалар жубайына аяр мамиле жасап, жөлөп-таяп турушат. Кайын журтка барсаң, келин кызмат кылат деген түшүнүк жок. Мисалы, төрөгөндөн кийин айылга бардык. Ал жакта кайын энемдер жашашат. Кошуналар жардам берип, үйүбүздү жыйнап, келген-кеткен конокторду сыйлашты. Мен кызым 3 жашка чыкканча эч нерсе жасаган жокмун. Мага жасатышкан жок. Бирок жалгыз келин болгондуктан жөн эле отуруп албастан кайын ата, кайын энеме жардам берчүмүн. Түркиянын Анадолусунда жашаган адамдар бизге окшош. Өзүмдү Таласымдын эле журтуна келин болгондой сезип кетем. Кайын журтум адамгерчиликтүү, сыйлап турушат.

Жолдошум үй жумуштарына жардамдашып турат. Бардык ишти экөөлөп жасайбыз. Ал үйдө болгондо жумуш кылып жүргөнүмдү жактырбайт. Жолдошум менен көбүрөөк убакыт өткөрүү үчүн бүт жумушту таштайм. Ага атайын күн бөлөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×