Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.08.2019 08:32

Кара-балталык жаш шахматчы Азия чемпиондорун утуп, эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

Ерасыл Маратбеков (ортодо)
Ерасыл Маратбеков (ортодо)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын спортчусу Казакстанда өткөн шахмат боюнча турнирде жеңүүчү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын машыктыруучусу билдирди.

15-17-август күндөрү Казакстандын Тараз шаарында шахмат боюнча IV республикалык ачык турнир өттү. Ага 2006-2011-жылдары төрөлгөн Кыргызстандын жана Казакстандын улан-кыздары катышкан. Анын алкагында Кара-Балта шаарынын тургуну Ерасыл Маратбеков 1-орунду ээледи. Ал №6 мектептин 7-классынын окуучусу.

Ерасылдын машыктыруучусу турнирдин жүрүшүндө анын окуучусу Азия чемпиону аталган 2 атаандашын жеңгенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×