Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2019 09:22

Ошто мамлекеттик кызматкерлердин арасында өткөн маданий сынактан фоторепортаж

Turmush -  Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын арасында өткөрүлгөн «Ырдайлы кыргыз ырларын, ачалы достук сырларын» аталышындагы маданий-интеллектуалдык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Turmush басылмасы кечээ, 27-августта Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда маданий сынак өткөрүлүп жатканын жазган.

Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбековдун айтымында, сынакка шаардагы 6 муниципалдык аймактык башкармалыктын жана 1 айыл аймактын кызматкерлери катышкан. Алар саламдашуу, музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдоо, улуттук бий, элдик оозеки чыгармаларды аткаруу, жеке номур, элдик макал-лакаптарды айтышуу, хор программалары боюнча күч сынашкан. Анын жыйынтыгында баш байгени Керме-Тоо аймактык башкармалыктын кызматкерлери жеңип алышты.

Маданий-интеллектуалдык сынактын жеңүүчүлөрү:

- Баш байге – Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, 25 миң сом менен сыйланды;

- 1-орун – Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, 20 миң сом менен сыйланды;

- 2-орун – Амир-Темир аймактык башкармалыгы, 15 миң сом менен сыйланды;

- 3-орун – Курманжан датка аймактык башкармалыгы, 10 миң сом менен сыйланды.

Андан тышкары активдүү катышуучуларга 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык тапшырылды:

- эң мыкты аткаруу – Манас-Ата аймактык башкармалыгы;

- эң мыкты костюм – Туран аймактык башкармалыгы;

- эң мыкты маданий-интеллектуалдык номур – Жапалак айыл аймагы.

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×