Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.08.2019 09:34 На русском

Айыл турмушу: Сайкал апа тарбиялаган балдар ооруканадан «18 жашты» ырдатып, тишин дарылап беришкен (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 68 жаштагы тургуну Жунусова Сайкал апа жаштыгын бала бакчадагы балдарды тарбиялоого арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Кайыңды совхозунда төрөлгөн.

«4-классымдан бери ырга жакындыгым пайдалуу иштерди жасоого жардам берди. Ошол кезде ырга шыгы бар окуучу кыздар-балдарды музыкант агайыбыз чогултуп алып, жыл сайын баарыбызды даярдап, айылдарды кыдырып концерт коюп келчүбүз. Андан түшкөн акчаны мектептин керегине жаратып, аз да болсо пайдабыз тийип жатат деп кудуңдап, кубанып калчубуз. Азыр дагы үн созуп калам (күлүп).

Биздин мектепте 8-класска чейин окуп, 9-10- классты башка мектептен аяктачубуз. Биз 8-классты бүтүп, эми каякка барып окуйбуз деп отурсак агайыбыз ата-энелерди чакырып сүйлөшө турганын айтып калды. Чогулушта ар бир ата-эне экиден терек берип, окуучулар кыш куюп, 9-10-классты окуу үчүн корпус куруп алабыз деген экен. Баары макул болуп, терек берип, 8-класстын окуучулары ар бири 700дөн кыш, 7- класстар 600дөн, 6-класстар 500дөн кыш куюп, кичинекей балдар ылай тебелеп, жайы менен иштегенбиз. Ошентип баарыбыз бирге курган мектепте окууну аяктадык.

Окууну бүтүп эле турмушка чыктым. Атам «Таякелерим менен катташты бекемдейин. Өзүм болсо картайып калдым» деп сөөк жаңыртууну көздөп турмушка берген. Атам согуштун ветераны болгон. Кайын агам жогорку окуу жайда окутту. Кыргыз кыз-келиндер институтунан мектепке чейинки билим берүү адистигине ээ болдум. Мотурайган балдарга жакын болчумун. Кичинекей кезимде айылдагы балдарды чогултуп алып, аларга мугалим болуп, жомок, «Манас» китептерди окуп берчүмүн. Көңүлүмө жакын кесипти аркаладым десем болот.

Алгач айылдагы мектептин китепканасында иштедим. 1968-жылдары айылда бала бакча курулуп, ошол жакта тарбиячы болуп 25 жыл иштедим. 6 тайпа бүтүрдүм. Жогорку тайпадагы балдар менен көп иштештим. Алдардын жан дүйнөсү таза, баарын тез кабыл алган балдар болушат.

Бир күнү адаттагыдай бакка сейилдөөгө чыктык. План боюнча токойдогу тал-теректер менен тааныштыруу керек болчу. Ал жактан баарын тааныштырып, теректин жалбырагынан чөнтөктөрүнө экиден салдырып койдум. Бала бакчага келгенде кимге кайсы жалбырак жакса ошонун сүрөтүн тарткыла деп айттым. Жарым саатка жетпей бир балам келип, «Эже, бизден Пикассону чыгардыңыз го. Сүрөттү жакшы тартып калдым» деп күлдүргөн. Ал кезде дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери белгилүү болчу. Чындыгында сүрөткө ышкыбоз балдар көбөйгөн. Тарбияланып чыккан балдарым менен азыркыга чейин сыймыктанам.

Бир күнү тишим ооруп, дарыгерге бардым. Барсам тарбияланып кеткен балдарымдын экөө тиш дарыгери болуптур. «Сизден тарбия алдык. Мээнетиңиз үчүн арзыбаган белек» деп жакшы сөздөрүн айтып, тыйынымды албай тишимди дарылап беришкен (күлүп). Дарылап бүткөндөн кийин «Эже, сиз ырдайт элеңиз го. «18 жаш» деген ырды ырдап берип коюңузчу» деп суранганынан берилип ырдап бердим. Сыртка чыксам баары мени таң калып карашкан. Тишин ырдап дарылатты деп ойлошту болуш керек.

Кийин пенсияга чыктым. Балдарымды жалгыз окутуп, чоңойтууга туура келди. Абышкам Аваз Жунусов 57 жашында кайтыш болуп кетти. Убагында башкарма болуп иштеп, эмгегин эл үчүн арнаган. Пенсияга чыктым деп бекер отуруп калбай шырдак жасап, курак курап, сайма иштери менен алектенем. Мектептен эле кол эмгектерим көргөзмөдө илинип турчу», - деди ал.

Сайкал апа 4 уул, 3 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×