Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.09.2019 20:32

Айыл турмушу: Жумгалдагы чий соккон кол өнөрчү Доктурбек Солтоев

Turmush -  Доктурбек Солтоев учурда 45 жашта, ал Жумгал районунун Куйручук айылында жашайт. Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарында турган Доктурбек мырза акыркы 10 жылдан бери апасы үйрөткөн чий согуу өнөрү менен алек.

Анын айтымында, талаада өскөн чийдин сөңгөгү толук жетилген маалда тамыры менен жулунуп, сырткы кабыктарынан тазаланып калат. Ошондо чий колдонулат.

«Чий согуу ата-бабадан калган өнөр. Чий согуу үчүн алгач бакан даярдап алуу керек. Андан соң ийрилген бышык жип, чий жана таш даярдалат. Жоондугу 3-4 миллиметрдей чыйратылып даярдалган жүн жиптин эки учуна эки сүйрү таш байланып (жипти үзүп кетпегендей болушу керек), туура жыгачтагы муунактардын үстүнө ортосунан арта салынат. Ар бир муунак бекитилген жиптин жылышып кетпеши үчүн жасалат. Чийдин бир башы бир жакты караса, андан кийинки чий башка жакты карап согулат. Оң-сол, сол-оң болуп согулат. Узундугу 9 метрге чейин болгон чийлерди согуп жүрөм. 9 метрлик чий бир боз үйдү жабат. Негизи согулган чийлер боз үйдү каптоого, кийиз жасоого жана башкаларга керектелет. Мага апам үйрөткөн. Ал киши «балам, чий согуп жүр жана муундан-муунга мурас катары өткөр» деп кеткен эле.

Учурда аймактарда чий согуу чынында азайды. Мурда ар бир үйдө чий согулуп, боз үйдүн чийин жасагандар көп болгон», - деди ал.

Доктурбек Солтоев Жумгалда чий соккон жалгыз мырза. Учурда 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×