Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.09.2019 19:20 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Ж.Токтогулова 1-класстын окуучулары менен сабактан качып…

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 52 жаштагы тургуну Жумагүл Токтогулова 1-класстын окуучулары менен чогуу сабактан качып кеткенин унутпайт. Ал аймактык кабарчыга жумуштагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

Жумагүл Токтогулованын билими жогорку, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы институтту бүтүргөн.

«1993-жылы эмгек жолумду Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектепте баштагам, башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенгем. Азыр А.Пушкин атындагы мектеп-гимназияда математика мугалими болуп эмгектенип жатам. Эмгек стажым 28 жыл.

Сабак өтүүдө азыркы инновациялык технологияны колдоном. Көпчүлүк учурда өтө турган сабагыбызды кызыктуу кылуу үчүн окуучулар менен биргеликте тема таап, суроо-жооп иретинде өтөбүз. Математика сабагына бардык эле окуучу кызыга бербегендиктен мен көбүнчө турмуштан мисал кылам.

Окууну жаңы бүтүп иштей баштаганда математика сабагынан саат жок болуп, 1-классты берип койду. Бир жолу сабак өтүп жатканда «түн» деп, балдардын башын партага койдурдум. Мен дагы окуучуларды туурап партага жатып, ойлонуп кетиптирмин. Ошондо 10 мүнөттөй балдарды уктатып коюптурмун. «Күн» десем бир-экөө эле ойгонуп, калганы уктап калышыптыр. Ар бирин ойготконум эсимде. Бир жолу ошол эле окуучулар менен чогуу сабактан качып кеткенбиз. Директордун терезесине келгенде баарыбыз жөрмөлөп өттүк. Эртеси бир улуу эже мени аябай уят кылган. «Сен мугалимсиң, бала менен бала болбо. Сен жөрмөлөп качып баратканыңды ата-энелер көрсө эмне дейт» деген. Анда жаш болчу экенмин», - деди ал.

Жумагүл Токтогулова: «Бош убактымда эсеп чыгарам. Ошондо баарын унутуп, берилип кетем. Кыскасы бүт көйгөйлөрдү, кайгымды унутуп, эс алып калам. Окуучуларым ушул мен берген билимди турмушта пайдаланып, үзүрүн көрсө дейм.

Курак кураганды жактырам, бирок ага убактым жок», - деди.

Мугалим бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×