Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуТалас району 28.08.2019 17:04

Айыл турмушу: Таластык Г.Аттокурова неберелери үчүн сеп даярдап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 63 жаштагы тургуну Гүлзина Аттокурова апасынын жолун жолдоп, чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таластын Конезавод айылынын кызы.

«Кыз күнүмдөн эле кол өнөрчүлүк менен чоңойдум. Апамдын жолун жолдодум десем болот. Апам шырдак оюп, ичик, тон тиккен чебер болчу. Мен жардам берип, кол кабыш кылып жүрдүм. Туура эмес кылып кыркып алсам урушпастан, кайра керектүү нерселерди жасап койчу. Апамдын көзү өтүп кеткен соң апамдын жолун жолдодум. Бой жетип, турмушка чыктым. Өзүмдүн балдарыма деп окшоштуруп кийим тигип берип жүрдүм. Ошентип жүрүп такшалып кеттим. Балдар-кыздар чоңойгон сайын чоң кийип, чоң ичип калат экен. Чоң кийимдерди тигип, курак курап жүрдүм. Кыздарым турмушка чыкканда өз колум менен септерин даярдап бердим. Уулдарым үйлөнүп, өздөрүнчө үй-жай күтсүн деп аларга да бир сыйра жууркан-төшөктөрүн жасап бердим. Сатып алгандан көрө кол менен жасалган нерселерге эмне жетсин? Мен кол өнөрчүлүктү азыркы тил менен айтканда хоббим деп айтам. Кесибим болсо үй кожойкеси (күлүп). Атайлап деле курак курап саткан эмесмин. Коңшу-колоңдор ар нерсе тиктирип, курак куратып кетишет. Алардын рахматын эле алсам мага ошол жетиштүү.

Жолдошумду эртең менен эрте жумушка жөнөтүп, неберелер ойгонгончо курак курайм. Кышында кол машина кармабайм. Жаздан баштап машина тигип баштайм. Үйдө отуруп иштегенди жактырбайм. Сыртта, салкында отуруп тиккенди жактырам. Ал учурда кандайдыр бир эргүү алам. Тынч отуруп курак курасам жакшы маанайда иштейм. Мээмди сергитип эс алдырам.

Учурда 24 неберем бар. Баары бой жетип турган убагы. «Чоң апамдан калган эстелик» деп алып жүрүшсүн деген ниетте баарына сеп даярдап жаткан учурум. Апамдын кол өнөрчүлүгүн өзүмдүн кыздарыма калтырып кетсем дейм», - деди ал.

Чебер айым 5 кыз, 3 уул, 24 небере, 3 чөбөрөнүн апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×