Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.08.2019 17:05

М.Балтабаев — эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү

Turmush -  Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну Максүтбек Балтабаев Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында эл аралык деңгээлде өткөн эрежесиз эр уруш боюнча мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Өткөн аптада Ат-Башы айылындагы «Кошой» аталышындагы стадиондо эл аралык деңгээлде эрежесиз эр уруш болуп өткөн. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек, Нарын шаарынан келген 500дөн ашык көрүүчүлөр күбө болушту.

Турнирди уюштурууга 1 млн сомго чукул каражат сарпталган. Анда жалпысынан 30 мушкер беттешти. Алардын арасынан 9 мушкер Өзбекстандан келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×