Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.08.2019 17:29 На русском

Жалал-Абаддын мэри жетекчи кылып дайындаган аталаш бир тууганы кызматынан кетти

мэр города Жалал-Абад Мураталы Тагаев
мэр города Жалал-Абад Мураталы Тагаев
// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Абдималик Тагаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Абдималик Тагаев 21-август күнү Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койгон. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абдималик Тагаев кечээ, 28-август күнү кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

«Биринчиден, Абдималик Тагаев мамлекеттик кызматкер эмес. Өзүн-өзү каржылаган мекемеге жетекчи болгон. Бирок кайра өз ыктыяры менен кызматынан кетти», - деп билдиришти мэриядан.

Абдималик Тагаев мэр Мураталы Тагаевдин аталаш бир тууганы.

М.Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылы 11-июнда шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×