Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.08.2019 13:45

Ак-Талаада ардагер мугалимдер сыйланды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, 2019-2020-окуу жылына карата мыкты даярданган бала бакча жана мектептер сыйланышканын аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 29-августта Баетов айылындагы маданият үйүнүн концерттик залында август кеңешмеси уюштурулган. Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, билим берүү тармагы боюнча кесиптик бирлигинин төрагасы Мирбек Сатындиев, мектеп директорлору, бала бакча башчылары, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө К.Эсеналиев 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер, ошондой эле 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктар туурасында маалымат берди. Андан соң акимдин орун басары К.Карагулова баш болгон бир катар мектеп директорлору жана ардагер мугалимдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Ошондой эле орто мектептерде үзүрлүү эмгектенип, өз каалоосу менен ардактуу эс алууга кеткен мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттары жана ошондой эле баалуу белектери ыйгарылды.

Алар:

- Өмүрназар Бейшеев, Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби;

- Дамира Нургазиева, Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби;

- Батма Жаркымбаева, Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби;

- Нурийла Шакирова, Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектеби;

- Айнагүл Рыспаева, Ак-Тал айылынын Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби;

- Замир Мамытов, Ак-Кыя айылынын Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектеби;

- Эсенбү Жумабекова, Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеби;

- Жумагүл Турсуналиева, Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеби;

- Ырыс Мамбеталиева, Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеби.

Ал эми 2019-2020-окуу жылына мектеп жана бала бакчаларды оңдоп-түздөөдөн өткөрүүдө мыкты даярдык көрсөткөндөр диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Орто мектептер:

- 1-орун Үгүт айылынын М.Баетов атындагы орто мектеби;

- 2-орун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби;

- 3-орун Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектеби.

Бала бакчалар:

- 1-орун Үгүт айылынын «Айдос» бала бакчасы;

- 2-орун Баетов айылынын «Алтын муун-Наристе» бала бакчасы;

- 3-орун Баетов айылынын «Жаш балаты» бала бакчасы.

Андан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×