Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.08.2019 17:05

Ысык-Көлдө спорттун 17 түрү боюнча эл аралык турнир өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 5-сентябрдан 11-сентябрга чейин спорттун 17 түрү боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш Бактуу-Долоноту айылында «Азия — кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» деген аталышта өткөрүлөт. Мындай турнир быйыл 19-жолу өткөрүлүп жатат.

Мелдештин алкагында «Ысык-Көлдүн баатыры» сынагы уюштурулуп, бука тартыш, күрөш боюнча спортчулар өз күчтөрүн сынашат. Эл аралык турнирге КМШ, ШКУ өлкөлөрүнүн командалары катышат. Ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан дагы спортчулар келет.

Бул иш-чарага республикалык казынадан 2 млн 518 миң сом каражат каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×