Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 02.09.2019 09:58 На русском

Сокулуктагы мал базарда 5000 долларга сатылган кочкордун тукуму 90 000 сомго бааланды

Turmush -  Кечээ, 1-сентябрь күнү Сокулуктун мал базарында сатуучулар менен алармандардын саны адаттагыдан көп болду. Бул көрүнүштү соодагерлер жаңы окуу жылы менен байланыштырышты. Аймактык кабарчы бул жолу базардагы гиссар кочкорлордун баалары менен таанышты.

Базарда эң кымбат бааланган кочкор 90 миң сом. Сатуучунун айтымында, бул кочкор айтылуу Кораблдин тукуму болот.

«Өзүңөр билгендей Корабль 5 миң долларга бааланып сатылган. Бул Кыргызстанда рекорддук баа.

Биз Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жашайбыз. Бул кочкор жаңы эле жайыттан келди. Ал жакта 150 койго кошулду. Боюнун узундугу 95 см, салмагы 140 кг. 90 миң сом деп баалап жатабыз», - деди сатуучу.

Кораблдин тукуму

Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндө малчылардын майрамында бою боюнча 1-орунду алган кочкор 50 миң сомго бааланды. Анын ээсинин айтымында, кочкордун бою 1 метрди түзөт. Базарда мындан арзан гиссар кочкорлор бар. Алардын баасы 15 миң сомдон 35 миң сомго чейин бааланган.

Суусамырдан келген кочкор

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынын тургуну Мухамет Шарипов Корабль аттуу гиссар тукумундагы кочкорун 5 миң долларга баалап сатып, Кыргызстан боюнча рекорд койгонун жазган.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери жалаӊ гиссар тукумундагы койлорду багып келет.

«Мал чарбамда бир гана гиссар койлор бар. 2000-жылы Тажикстандан гиссар койлорду сатып келгем. Азыркылар ошондон уланган койлор. 2 жылда бир кочкорлорду алмаштырып турам. Учурда 30дай гиссар койлорду багып жатам. Буга чейин 1 гиссар кочкор сатып алганбыз. Ал өтө чоӊ жана сөөктүү, эттүү болгондуктан ага Корабль деген ат койгонбуз. Бул гиссар кочкор Кыргызстанга гана эмес, Казакстанга чейин белгилүү болду. Кочкордун боюнун бийиктиги 1 метр 8 сантиметр, башынан куйругуна чейинки узундугу 1 метр 50 сантиметр, ал эми накта салмагы 190 кг болчу. Мен аны 7 жашында, тактап айтканда өткөн жылы казак ишкерлерине 5 миң долларга саткам. Келечекте Кораблдин тукумун көбөйтүүнү пландап жатам.

Мындан сырткары, кочкорлорду башка ишкерлердин гиссар койлоруна кошуп, тукум чыгарып берем. Ал эми Кораблден калган тукумдарды бир айлык кезинде эле 200 долларга баалап сатам», - деди ал.

М.Шариповдун учурда 1 уул, 2 кыз жана 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×