Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 10:18

Нарында спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыкка ээ болушту

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык майрамына карата спорттук мелдештер уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана меймандар катышты. Спорттук иш-чарада аялдар кол күрөш, аркан тартыш боюнча мелдешишти. Ал эми эркектер кол күрөш, аркан тартыш жана чоюн көтөрүү боюнча мелдешке түшүштү. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Мелдешти өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×