Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.09.2019 16:12

Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы: Ак-Талаада кичи футболдун жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата кичи футбол боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 1-сентябрь күнү Баетов айылында коомдук ишмер Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеш башталып, ага жергиликтүү жаштар жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышып, оюн талаасында беттешти. 2-сентябрь күнү мелдештин финалдык туру Терек айылында болуп, соңунда жеңүүчүлөр аныкталды.

Жаштар арасында:

- 1-орун «Баетов-1» командасы;
- 2-орун «Тайлак баатыр» командасы;
- 3-орун «Терек жаштары» командасы.

Мекеме-ишканалар арасында:

- 1-орун райондук сот;
- 2-орун «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
- 3-орун Терек айыл өкмөтү.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, диплом жана баалуу байгелер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×