Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 03.09.2019 17:05 На русском

Эмил Чакибаев акимдин орун басары болду

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары болуп Чакибаев Эмил Акжолтоевич дайындалды. Бүгүн, 3-сентябрда ал эмгек жамаат менен таанышты.

Чакибаев Эмил Акжолтоевич 37 жашта. Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. Үй-бүлөлүү, 3 баланы тарбиялап жатат.

2013-жылы Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. 2017-жылы 2-февраль күнү жергиликтүү кеңештин сессиясында кайрадан аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланган. 2017-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын чоюн көтөрүү боюнча федерациясынын вице-президенти болгон.

Буга чейин аталган кызматта Самат Кожобергенов иштеген. Ал учурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчисинин милдетин аткарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×