Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 12.09.2019 23:57

Айыл турмушу: Б.Эсеналиева гүл өстүрүп, төшөк жасайт

Turmush -  12 жылдан бери Нарын облустук бириктирилген ооруканасында кенже кызматкер болуп эмгектенген 55 жаштагы Бейшебүбү Эсеналиева жыл сайын кесиптештери менен бирге аталган оорукананын клиникалык-диагностикалык борборунун алдына гүл отургузушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бейшебүбү Эсеналиева 1964-жылы 12-мартта Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Кенже кызматкер болуп 33 жылдан бери эмгектенип келет. Өз жумушун сүйгөн кызматкер кесиптештери арасында кадыр-баркка ээ. Быйыл эмгеги бааланып, аталган оорукананын ардак грамотасына татыган.

«1980-жылы мектепти бүтүп, кардиология бөлүмүндө кенже кызматкер болуп эмгектендим. Өзүм 8 бир тууган болчумун, экөө кайтыш болду. Эң улуусу менмин. 1984-жылы Ак-Талаа районунун Коңорчок деген айылына келин болуп бардым. 1988-жылы Нарынга келдим. Мектептерде кенже кызматкер болуп иштеп жүрдүм. 2007-жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын клиникалык-диагностикалык борборуна кенже кызматкер болуп жумушка орноштум. Бул жакта кесиптештерим абдан жакшы, ынтымактуу, бир туугандай мамиледебиз. Баарынан мен улуу болгондуктан “эже” деп сыйлап турушат», - деди ал.

Анын 4 кыз, 1 уулу, 10 небереси бар.

«Биз жыл сайын оорукананын алдында гүл өстүрөбүз. Былтыр доллардын, андан мурунку жылы түндүктүн формасын түшүрүп гүл өстүрдүк. Кызматкер кыздарыбыз эмгегибизди баалап турушат.

Ал эми үйдөн бөлмө гүлдөрүн өстүрөм. Сыртка өстүрбөйм. Себеби Нарын суунун жээгинде жашайбыз, ал жер таштак. Кызым кышында гүлдөрдү эшикке алып чыгып, суу куюп өлтүрүп салат. Гүлдү жакшы көрөм, жыл сайын өстүрүп коем. Кайра эле кызым өлтүрүп салат (күлүп). Үйдөн мындан сырткары курак курайм, төшөк каптайм. Кыздарыма септи өзүм даярдадым. 5 маал намаз окуйм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×